Биз социалдык тармакта

"Сен тууралуу маалымат бар". Ташиев транспорт министрине каматып коёрун айтып, эскертүү берди (видео

Бүгүн, 24-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана бир катар мамлекеттик кызматкерлер катышкан жыйын болду.

Анда Ташиев транспорт министри Абсаттар Сыргабаевге эскертүү берди.

"Сен тууралуу да маалымат бар. Түз эле айтып коёюн. Мына жасалып жаткан жумуштар боюнча подрядчылардан арыздар түшүп жатат. "Биз Транспорт министрлигинин жетекчилигине акча бергенбиз" деп жатышат.

Кудай сактасын, бул тастыктала турган болсо, түрмөгө каматам, уктуңбу? Сен мени аяп коёт деп ойлобо. Мен эч кимди аябайм, мага баары бир. Эгер мен сени түрмөгө отургузсам, анда башка жетекчилер унчукпай иштеп калышат", - деди атайын кызматтын башчысы.

Жыйында мунун алдын Ташиевдин буйругу менен 24 мамлекеттик кызматкер кармалып, залдан чыгарылды.

Ташиев транспорт министрине эскертүү берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан