Биз социалдык тармакта

Манас шаарынын күнү бекитилди

Эртең, 27-сентябрда Жалал-Абад шаары Манас болуп расмий өзгөрөт. Анткени 17-сентябрда президент Садыр Жапаров шаардын атын өзгөртүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду.

Мындан улам 27-сентябрь - Манас шаарынын күнү болуп бекитилгендигин мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 3-сентябрда Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүү боюнча сунушту шаардык кеңештин депутаттары колдогон. Буга удаа калаа мэри шаардын атын өзгөртүү элдин талабы болгонун айткан.

Кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосун таап, министрлер кабинети шаардын атын өзгөртүүдө мамлекет 15 миллион сомдук чыгым кетирерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан