Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад шаары Манас болуп өзгөрдү. Садыр Жапаров мыйзамга кол койду

Жалал-Абад шаары Манас деп өзгөртүлдү. Бүгүн, 17-сентябрда президент Садыр Жапаров мыйзамга кол койду.

Документ 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, 3-сентябрда Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүү боюнча сунушту шаардык кеңештин депутаттары колдогон. Буга удаа калаа мэри шаардын атын өзгөртүү элдин талабы болгонун айткан.

Кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосун таап, Министрлер кабинети шаардын атын өзгөртүүдө мамлекет 15 миллион сомдук чыгым кетирерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан