Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад шаары расмий түрдө Манас болуп өзгөрдү

Бүгүн, 27-сентябрда Жалал-Абад шаары расмий түрдө Манас болуп аталды. Анткени 17-сентябрда президент Садыр Жапаров шаардын атын өзгөртүү жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.

Ага ылайык, документ 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, 3-сентябрда Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүү боюнча сунушту шаардык кеңештин депутаттары колдогон. Буга удаа калаа мэри шаардын атын өзгөртүү элдин талабы болгонун айткан.

Кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосун таап, министрлер кабинети шаардын атын өзгөртүүдө мамлекет 15 миллион сомдук чыгым кетирерин билдирген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарын Манас кылып өзгөртүү өзүнүн идеясы экенин, буга элдин суранычы да кошумча болгонун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан