Биз социалдык тармакта

Төө-Ашууда жүк ташыган унааларга коюлган чектөө алынды

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, чектөө бүгүн, 2-октябрда саат 09:00дө алынган.

Белгилей кетсек, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кечээ, 1-октябрда саат 16:30да аба ырайы кескин өзгөргөнүнө байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизген болчу.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан