Беларустун президенти Александр Лукашенко украиналык кесиптеши Владимир Зеленскийге жооп кайтарганын БелТА маалымат агенттиги билдирди.
"Менин кесиптешим, өз уулум деп эсептеген Зеленский жакында айткандай, "карыялар" деген Путин экөөбүз башкалардын зыяны үчүн шыбырап сүйлөп жатыппыз. Бардыгы болбогон сөздөр",- деген ал КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен жолугушууда.
Буга чейин Зеленский Лукашенконун сүйлөшүү сунушун четке кагып, Путин экөөсүн "карыялар" деп атаган. Анын алдында Лукашенко Зеленский менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.