Биз социалдык тармакта

"Хайп" үчүн маек берген делген Сыймык тууралуу маркум Айсулуунун апасы үн катты

Ысык-Көлдө киши колдуу болуп каза тапкан 17 жашар кыздын окуясына байланыштуу маек берген Сыймык Нарынбек уулу тууралуу кечээ, 1-октябрда ИИМ "анын маркумдун үй-бүлөсүнө эч кандай катыштыгы жок жана коомчулукту адаштырган" деген маалымат тараткан.

Бул тууралуу биздин портал Барскоон айылына барып, маркум Айсулуу Мукашованын апасынан маек алды. Анда апасы Сыймык Нарынбек уулунун элге тараткан маалыматтары туура, ал жигит менен туугандык байланышы бар экендигин айтты.

"Биз Сыймыкты тааныйбыз, ал да бизди тааныйт. Элден жардам сурап бер деп мен өзүм ага кайрылгам. Ал жигит менин өзүм жактан туугандарымдан болот",- деп кошумчалады маркумдун апасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан