Биз социалдык тармакта

Интернет жылдызы болгон түрк көзгө атары эсиңиздеби? Ал кайрадан көңүл чордонунда (видео)

Түркиялык аткыч Юсуф Дикеч Стамбулда өткөн ок атуу боюнча Европа чемпиондугунда алтын бейге жеңип алганын чет басылмалар жазышты.

51 жаштагы спортчу финалда Германиядан келген атаандашын жеңип алган. Сыйлык тапшыруу аземинен кийин жеңүүчү өз жеринде жеңишке жеткени менен сыймыктанарын жана Каирде өтө турган Дүйнө чемпиондугуна азыртадан даярданып жатканын айткан.

Спортчу атактуулукка 2024-жылкы Париж Олимпиадасынын аркасында жетип, интернет жылдызына айланган. Анда спортчу кулагына коргоочу, көзүнө атайын линза тагынбай туруп, мелдешке катышкан.

Түрк мергени кайрадан көңүл чордондо
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан