Быйыл Бишкекте көмүрдүн 1 тоннасы 5 800 сом болот. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" ишканасынын башкы директору Кайрат Маматов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
"Бишкекте былтыр коюлган баа 5 300 сом болчу. Быйыл 5 800 сом болот. Монополияга каршы кызмат коюп берген баа менен эсептесек 6 000ге деле чыгат. Эмне себептен мындай баа чыгып жатат? Анткени былтыр 5 300 сомдон сатылган көмүрдүн 40-50 пайызы майда болчу. Быйыл бүт кесек көмүр сатылат",- деди ал.
Ошондой эле Маматов Бишкек менен Чүйгө майда көмүрдү киргизбеш үчүн Кемин жана Кара-Балтага пост коюларын айтты.
Буга чейин Бишкек менен Чүйгө майда көмүрдү алып кирүүгө, сатууга, сактоого жана колдонууга тыюу салган министрлер кабинетинин токтому чыкканы маалым болгон.