"Кыргыз көмүр" ишканасынын башкы директору Кайрат Маматов Бишкек менен Чүйгө майда көмүрдү киргизбөөнүн себеби ышка байланыштуу экенин билдирди.
Ал майда көмүрдү киргизбеш үчүн Кемин менен Кара-Балтага пост коюларын айтты.
"Бишкек менен Чүйдө ыш болбошу үчүн майда көмүр сатылбайт. Бишкек ЖЭБине жана башка фильтри бар жылытуучу объекттерге гана берилет",- деди ал "Биринчи радионун" эфиринде.
Буга чейин Бишкек менен Чүйгө майда көмүрдү алып кирүүгө, сатууга, сактоого жана колдонууга тыюу салган министрлер кабинетинин токтому чыкканы маалым болгон.