“Ар-намыс” фракциясынын 17-январдагы жыйынында фракция лидери Феликс Кулов айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев отставкага кетүү чечимине келгенин айтты.
“Аталган министрликтин иши канааттандырарлык деп табылды. Кыйынчылыктарга карабай министрлик жакшы көрсөткүчтөр менен жылдан чыкты. Жыл аягында мага министр келип отставкага кеткиси келип жатканын билдирди”,- деди Кулов.
Куловдун айтымында, министр эмне үчүн отставкага кеткени жатканын элге берген убадаларын аткара албай калганы менен түшүндүрүүдө. “Суу чарбачылыгы боюнча министр бир катар убадаларды берген. Бирок ал иштерге акча кечигип берилди жана 145 миллиондун ордуна 105 миллион сом гана бөлүндү. Буга министр өзүн күнөөлөп жатат”,- дейт Кулов.