Жаңы Зеландиянын парламентиндеги жыйын убактылуу токтотулду, анткени жаңы шайланган депутат Орини Кайпаранын урматына хака бийи аткарылды. Ал "Маори" партиясынан шайланган.
Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, парламенттин спикери Жерри Браунли бул аракет протоколго каршы келет деп белгилеп, окуя боюнча иликтөө жүргүзүлө турганын билдирди.
Орини Кайпара — буга чейин белгилүү журналист болгон жана Жаңы Зеландияда маори бет татуировкасы менен прайм-таймда жаңылыктарды алып барган алгачкы адам катары таанылган.
"Маори" партиясы буга чейин да хака бийин аткаргандыгы үчүн сындалган.