Биз социалдык тармакта

"Кытай үчүн кабатыр болбоңуз". Трамп Пекиндин жообунан кийин таң калычтуу билдирүү жасады

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Пекинге жардам берүүнү каалай турганын билдирди.

"Кытай үчүн кабатыр болбоңуз, баары жакшы болот! Урматтуу Си Цзиньпин (Кытайдын лидери) оор мезгилди башынан өткөрүп жатат. Ал өз өлкөсүнүн депрессияга кабылышын каалабайт, мен да каалабайм. Америка Кошмо Штаттары Кытайга зыян келтирбей, жардам берүүнү каалайт!" - деп жазды ал Truth Social социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

Бул билдирүү эки өлкөнүн ортосундагы соода чатагы курчуп кеткен учурга туш келди. Буга чейин АКШ президенти кытай товарларына 100 пайыз бажы салыгын киргизе турганын жарыялаган. Буга жооп кылып Пекин Вашингтонду өзүнүн катачылык аракеттерин мүмкүн болушунча тез арада оңдоого чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан