Биз социалдык тармакта

Словакияда поезд кырсыгы боюнча машинист камакка алынды

Словакиянын чыгышындагы Рожнява шаарындагы эки жүргүнчү поездинин кагылышуусуна байланыштуу, полиция машинисттердин бирин камакка алды. Ал токтоо белгисине баш ийбей, карама-каршы келе жаткан поездди өткөрбөй койгону үчүн айыпталып жатканын чет элдик басылмалар жазышууда.

Кырсык тоннелге жакын темир жол бир тилкеге кошулган жерде болгон. Натыйжада, эки поезд кагылышып, 7 адам оор жаракат алып, Кошице жана Прешов шаарларындагы оорукаларга жеткирилген. Алардын арасында экинчи поездди башкарып бара жаткан жаран да бар. Жаракат алгандардын жашоосу коркунучта эмес.

Мындан тышкары, 14 киши орточо жаракат алып, ондогон жүргүнчү жеңил жаракат алган. Жалпысынан поезддерде 100дөй адам болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан