Словакиянын чыгышындагы Рожнава шаарына жакын жерде эки ылдам жүрүүчү поезд кагылышканын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга караганда, кеминде 20 адам жаракат алган. Поезддерден адамдар эвакуацияланууда. Кырсык темир жолдун бир багыттуу участогуна кошулган кесилишинде болгону айтылууда.
Окуя болгон жерге "Тез жардам", куткаруучу тик учак жөнөтүлгөн. Азырынча жаракат алгандардын абалы белгисиз. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтөө иштери жүрүп жатат.