ЭлТР телеканалы 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлтүрүүгө шектелип кармалган 41 жаштагы Кумарбектин жасаган кылмыштары тууралуу материал жарыялады. Анда анын 2014-жылы Камила Дүйшөбаеванын өмүрүнүн кыйылышына да тиешеси бар экени айтылат.
Материалда Кумарбек жалпысынан 7 кылмышка тиешеси бар экени маалымдалат. 4 кыз зордукталып өлтүрүлсө, 2 кыз аман калган жана 1 кыздын жагдайы белгисиз. Шектүү милицияга белгисиз кызды зордуктап, талаага таштап кеткенин айтып берген. Бирок милицияга ал кыз тууралуу маалымат түшкөн эмес.
Буга чейин Камила Дүйшөбаеванын иши Айсулуу Мукашеванын иши менен байланышы бар экендигин мурдагы баш прокурор Аида Салянова билдирген.