Манас шаарындагы көчөлөргө Манастын кырк чоросунан тышкары манасчылардын да аттарын берүү каралып жатат. Бул тууралуу калаа мэри Эрнисбек Ормоков "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирди.
"Манас шаары – көп улуттуу элбиз. Анан СССР учурунда Пахта көчө деген аттар берилип калган. Бүгүнкү күндө ушунун бардыгын иреттеп жатабыз. Кайсы көчөлөргө Манастын кырк чоросунун атын койсок болот деген тапшырмаларды бердим. Аны менен биргеликте Саякбай Каралаев сыяктуу манасчылардын да аттарын коёлу деп жатабыз", - деди ал.
Буга чейин Ормоков Манас шаарынын көчөлөрүнө Манастын кырк чоросунун атын берүү сунушталып жатканын айткан.