Манас шаарынын 40 көчөсүнө Манастын кырк чоросунун атын берүү сунушталып жатат. Бул тууралуу шаар мэри Эрнисбек Ормоков кечээ, 2-октябрдагы Достук аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушууда айтты.
Калаа мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, 40 чоронун аты калаадагы ири көчөлөргө берилиши мүмкүн. Бул боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилген.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын аталышы ушул жылдын сентябрь айында Манас болуп өзгөртүлгөн.
Маалымат үчүн: Азыркы учурда Манас шаарында 935 көчө бар.