АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармактагы баракчасына жасалма интеллект тарабынан иштелип чыккан видео жарыялады.
Анда анын падышанын таажысын кийип, согуштук учак менен учуп баратканын көрүүгө болот. Бир убакта ал демонстранттардын үстүнө ылай төгүп баштайт.
Айта кетсек, 18-октябрда АКШда азыркы президентке каршы багытталган ири масштабдуу тынч митингдери өттү. 2700дөн ашуун шаарда өткөн акцияларга болжол менен 7 миллионго жакын адам катышкан.