Кечээ, 18-октябрда АКШда азыркы президентке каршы багытталган ири масштабдуу тынч митингдери өттү. 2700дөн ашуун шаарда өткөн акцияларга болжол менен 7 миллионго жакын адам катышканын чет элдик басылмалар кабарлашууда.
Негизги демонстрациялар Вашингтон, Нью-Йорк жана Чикаго шаарларында болду. Митингге чыккандар “Монархияга жол жок”, “Режимди токтоткула”, “Демократия керек” деген жазууларды көтөрүп чыгышты.
Иш-чаралар тынч мүнөздө өтүп, кармоо же кагылышуулар катталган жок. Акцияны уюштуруучулары нааразычылыктын негизги себептери катары оппоненттерди куугунтуктоо, миграциялык саясатты катаалдатуу жана мигранттарды кармоодо Улуттук гвардияны колдонуу маселелерин белгилешти.