Израил чемпиондугунун жетинчи айлампасында Тель-Авивде "Хапоэл" жана "Маккаби" клубдарынын ортосундагы беттеш мушташ менен коштолгонун чет элдик басылмалар жазышты.
Оюн башталар алдында күйөрмандар аянтка түтүн чыгаруучу заттарды ыргытышып, башаламандык жараткан. Беттеш токтотулгандан кийин күйөрмандар мушташып, полицияга да кол салышкан. Тополоң Блумфилд стадионунун сыртында да орун алып, терезелер талкаланып, таштанды челектери өрттөлгөн.
Полиция кызматкери чогулган элди ат менен таратышкан. Натыйжада, 37 күйөрман жана 5 полиция кызматкери жаракат алып, 40 адам кармалган.
Буга чейин 3 тартип сакчысы жана 12 жаран жаракат алганы айтылган.