
Белгилүү балбан
Акжол Махмудовдун атасы
Мухамед Махмудов өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусунун милдетин аткаруучу
Улукбек Карачолоковдун дарегине сын айтты.
Махмудов Сербияда 23 жашка чейинкилер арасында өткөн Дүйнө биринчилигинде Карачолоковдун башчылыгында катышкан өлкө курамасы жакшы жыйынтык көрсөтө албаганын белгиледи. Ал ошондой эле Карачолоковду мурунку башкы машыктыруучунун кызматтан алынышына да тиешеси бар деп айыптады.
"Жакында ноябрь айынын башында Ислам оюндары болот. Эгерде Иран, Азербайжан, Египет, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу мусулман мамлекеттери биринчи номурдагы спортчуларын алып барышса, анда дагы алтын медаль ута албайбыз. Себеби чемпиондорду чемпион машыктыруучу гана тарбиялай алат. Улукбек Карачолоков, угушума караганда, Кыргызстан биринчилигин да уткан эмес экен. Курама командага Канатбек Бегалиев менен 2012-жылы команда болуп келип, 2017-жылы Бегалиев курама командадан кеткенде калып калган...
Карачолоков жакшы инсан, жакшы дос, адамгерчилигине эч кандай нааразычылыгым жок. Болгону грек-рим күрөшү боюнча курама командага башкы машыктыруучу болгонго татыктуу эмес!"- деп жазды ал Facebook баракчасына.
Карачолоков учурда грек-рим күрөшү боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусунун милдетин аткаруучу. Ал Хорватияда өткөн Дүйнө чемпиондугунан кийин кызматтынан кеткен
Уран Жузуп уулунун (Калилов) ордуна келген.