Кыргызстандын улуттук грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын машыктыруучулары өз каалоолору менен ишин аяктады. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.
Федерация алардын эмгеги жана грек-рим күрөшүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирген. Ал эми машыктыруучулук штаб боюнча кийинки чечимдер тууралуу кошумча маалымат жакында бериле турганы айтылды.
Эске салсак, башкы машыктыруучу Уран Жузуп уулу (Калилов) болчу. Акыркы жолу грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Хорватияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда бир коло медаль жеңген.