Трампка Түштүк Кореядагы белгилүү алтын таажынын көчүрмөсү тапшырылды

Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён АКШнын президенти Дональд Трампка Чхонмачондун алтын таажысынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Түштүк Кореянын байыркы Силла падышачылыгынын таажысынын атайын буюртма менен жасалган алтын жалатылган көчүрмөсү Трампка Түштүк Кореянын Кёнчжу шаарында тапшырылган.

Таажыдан тышкары, Ак үйдүн башчысына Түштүк Кореянын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы болгон Мугунхва ордени ыйгарылган. Ал бул сыйлыкты алган биринчи америкалык президент болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан