Биз социалдык тармакта

Трамп Түштүк Кореядагы эң жогорку сыйлык менен сыйланды 

Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён АКШнын лидери Дональд Трампка өлкөнүн эң жогорку сыйлыгын ыйгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, Түштүк Кореянын лидери Трамптын тынчтык орнотуудагы жетишкендиктерин баалап, Мугунхва орденин тапшырган.

"Бул мен үчүн чоң сыймык. Түштүк Корея менен жакшы мамилебиз бар, келечекте дагы ушул бойдон калат деп ишенем",- деген Трамп.

Белгилей кетсек, Трамп Түштүк Кореяга 31-октябрдан 1-ноябрга чейин Кёнжу шаарында өтө турган Азия-Тынч океан кызматташтык саммитине катышуу үчүн барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан