Биз социалдык тармакта

Кара-Кечеде жеке көмүр ташуучуларга чектөө киргизилди

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы билдиргендей, Кара-Кече кенине жеке көмүр ташуучулардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.
Белгилүү болгондой, ишкана тарабынан уюштурулган социалдык көмүр кампаларында көмүрдүн олуттуу тартыштыгы байкалууда.
"Айрым аймактарда көмүрдүн баасы кескин өсүп кеткендиктен, элди арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында бир катар чаралар көрүлүүдө. Бул багытта Кара-Кече кенине жеке көмүр ташуучулардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди",- дешти мекемеден.
Компания аймактардагы социалдык базаларга көмүр ташуу иштерин уюштурууга толук даяр. Ал базалар толук көмүр менен камсыз болгондон кийин, жеке ташуучулардын иши кадимки тартипте улантылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан