Белгилүү блогер Гусейн Гасанов Орусияда дагы башка иш боюнча издөөгө алынды

Белгилүү блогер Гусейн Гасанов кайрадан издөөдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Орусиянын Ички иштер министрлиги блогерди кайрадан эл аралык издөө тизмесине киргизди. Эми ал ири өлчөмдөгү акча каражаты боюнча жаранды опузалаган деп шектелүүдө.

Эске салсак, 14-майда Гусейн Гасановго салык төлөөдөн качкан деген негизде издөө жарыяланганы маалым болгон. Ал болжолдуу Азербайжанда экени айтылууда.

Кийин анын адвокаты Дмитрий Козяйкин блогердин Орусияга кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан