Филиппиндеги Калмаэги тайфунунан каза болгондордун саны 100дөн ашканын чет элдик басылмалар жазышты.
Тайфундан өлкөнүн Себу провинциясы эң катуу жапа чеккен. Ал жакта кеминде 76 адам каза болуп, ондогон адамдар дайынсыз жоголгон.
Буга чейин Филиппиндин жарандык коргонуу башкармалыгынын өкүлү Жуни Кастильону Калмаэги (жергиликтүү аталышы — Тино) тайфунунун кесепетинен 52 адамдын өмүрү кыйылганын маалымдаган.