Филиппиндин жарандык коргонуу башкармалыгынын өкүлү Жуни Кастильонун айтымында, өлкөнүн борбордук бөлүгүн каптаган "Калмаэги" (жергиликтүү аталышы — "Тино") тайфунунун кесепетинен 52 адамдын өмүрү кыйылды. Учурда 13 адам изделүүдө. Бул тууралуу Inquirer гезити билдирди.
Кастильо билдиргендей, каза тапкандардын көпчүлүгү Борбордук Висайя аймагынан табылган. Бардык учурлар расмий түрдө такталып жатат.
Табигый кырсыктын натыйжасында болжол менен 387 миң адам эвакуацияланган.