Биз социалдык тармакта

Жеке менчик унаа мектептери мамлекетке өтөт

Жеке менчик унаа мектептери мамлекеттин карамагына өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев маалымат жыйынында билдирди.

Ал жеке менчик унаа мектептери мурда кандай иштеп келген болсо, мамлекетке өткөндөн кийин да иштерин ошондой эле улантышарын айтты.

"Анда иштеген кызматкерлер эч кандай жумушсуз калышпайт. Алар айлык акыларын мамлекет тарабынан алышат", - деди Туманбаев.

Ошондой эле ал 14 айлык окутуу тутуму санариптештирилерин, бул өз кезегинде коррупциялык элементтерди алдын аларын белгиледи. Туманбаев онлайн да сабактар өтө турганын кошумчалады.

Айта кетсек, кийинки жылдан баштап айдоочулукка окутуунун мөөнөтүн узартуу сунушталууда.

Жеке менчик унаа мектептери мамлекетке өтөт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан