Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев кыргыз илими дагы бир ири ачылыштын алдында турганын билдирди. Айтымында, 1953-жылдан бери Кыргызстанда 3 гана өтө маанилүү илимий ачылыш болду. Алар: академик Чаловдун химиялык элементтердин изотоптору боюнча илимий эмгеги, Илгиз Айтматов менен Кушбакалы Тажыбаевдин деформацияланган катуу заттардын тектери боюнча илимий эмгеги, Кушбакалы Тажыбаевдин геомеханика жаатындагы илимий ачылышы.
Кыргызстан учурда төртүнчү ири илимий ачылыштын алдында турат. Үсөнбек Касымакун аттуу окумуштуу дүйнөдө биринчи жолу нанотехнологиянын жардамы аркылуу цинк жана темир аралашмасынан эң жука супер-болот тактасын жасоо патентин алып, чет өлкөлүк компанияларга сатуу максатында супер-болот тактанын үлгүсүн жасоо аракетинде. Ал үчүн окумуштууга 25 миң доллар керек болууда.
Жогорку Кеңештин төрагасы Каржы министрлигине атайын кат жөнөткөнүнө карабай, ушу кезге чейин жооп жок экенин айтат депутат “Эгер бул маселе чечиле турган болсо, Кыргызстандын казынасына миллиондогон доллар түшөт. Бирок биздин аткаминерлер буга анча маани бербей келет. Ушу тапта ал үлгүнү “Хонда” компаниясы, “Татсталь” заводу сыяктуу ири ишканалар күтүп жатат”,- дейт Осмоналииев.