Экономика жана коммерция министрлиги эттин баасына болгон көзөмөл мөөнөтү 31-декабрга чейин узартылганын кабарлады.
Министрлик бул чара калк үчүн социалдык маанидеги продукциянын жеткиликтүү баада болушун камсыздоого багытталганын белгилеп, мындай чараны узартуу чечими ички рыноктун туруктуулугун сактоо жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн кабыл алынганын кошумчалады.
Эске салсак, Экономика министрлиги 11-августтан тарта эттин баасын мамлекет көзөмөлгө аларын
билдирип, бул чара 3 айга созуларын тактаган.