Эми MBANK аркылуу Өзбекстандан Кыргызстанга онлайн-которууларды ишке ашыра аласыз!

MBANK Кыргызстан менен Өзбекстан арасында онлайн-которуулар кызматы ишке киргизди!

Акыркы жылдары Кыргызстан жана Өзбекстан өз экономикалык жана маданий байланышын активдүү бекемдеп жатышат. Товар жүгүртүүлөрү өсүп, биргелешкен долбоорлор көбөйүүдө, эң негизгиси — адамдар эки өлкөнүн ортосунда саякаттап, окуп жана иштеп жүрүшөт. Бул — тез, ишенимдүү жана жеткиликтүү акча которууларга муктаждыкты жаратууда.

Ошондуктан MBANK жана Universalbank биргеликте жаңы онлайн-кызматты ишке киргизишти. Ал колдонуучуларга Кыргызстан менен Өзбекстан арасында акчаны тез жана оңой жөнөтүүгө жана алууга мүмкүнчүлүк берет — телефон номуру же карта номуру аркылуу.

Которууну кантип жасоо керек:

Unired колдонмосунда, «Эл аралык которуулар» бөлүмүндө, MBANKка которууну телефон номуру же карта аркылуу жөнөтсө болот.

Которуу шарттары:

  • Телефон номуру аркылуу: акча алуучунун негизги эсеп валютасында түшөт

  • Карта номуру аркылуу: акча алуучунун карта валютасында түшөт

  • Жөнөтүүчү эсептин валютасы: каалаган валюта

  • Которууну алуу үчүн жеткиликтүү валюталар: KGS | EUR | RUB

  • Которууну алуу комиссиясы: 0 сом

Жаңы өнөктөштүктүн этабы

MBANK жана Universalbank ортосундагы өз ара которуулар — Кыргызстан менен Өзбекстандын каржылык өз ара аракеттешүүсүн өнүктүрүүнүн маанилүү кадамы.

Азырынча колдонуучуларга Өзбекстандан Кыргызстанга которуулар жеткиликтүү,жакын арада Кыргызстандан Өзбекстанга которуулар да ишке кирет.

MBANK — Биринчи санарип!


КРУБ №14 лицензиясы

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан