Орусиянын президенти Владимир Путиндин өзүнүн боз үйү бар. Бул тууралуу ал кечээ, 25-ноябрда кыргыз маданияты менен таанышуу учурунда айтты.
Маалым болгондой, Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген Орусия президентин аэропорттон президент Садыр Жапаров, маданият министри Мирбек Мамбеталиев тосуп алган. Министр Путинге кыргыздардын маданияты, боз үйү, анын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.
"Ооба, билем, менде мындай бар",- деп Орусия лидери боз үйдү көрсөттү.