Криштиану Роналду менен Жоржина Родригес 2026-жылы жайында Португалияга караштуу Мадейра аралында баш кошушарын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, үйлөнүү үлпөт аземи аралдагы Фуншал шаарында өтүп, салтанат люкс мейманканада уланат. Роналду 11-июндан 19-июлга чейин өтүүчү Дүйнөлүк чемпиондуктан кийин үйлөнөт.
Эске салсак, август айында Жоржина социалдык тармактагы баракчасына Криштиану Роналдуга турмушка чыгарын жарыялаган. Түгөйлөр 2016-жылдан бери мамиледе.