Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүн, 27-ноябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Лира Акунованы кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилди.
Буга чейин Бишкек шаардык милициясы Акунованын кызы Салтанат Исманова жана жээни Шаабидин Токтосартов добуш сатып алуу иштерин уюштурууга шектелип, аларга издөө жарыяланганын билдирген.
БШКнын маалыматында Лира Акунова кызы Салтанат Исманованы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып каттатканы көрсөтүлгөн. Акунова Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин №22 шайлоо окуругунан койгон.