Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду. Анын ордуна Каныбек Досмамбетов саламаттык милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Министрдин кызматтан кетишинин себеби так айтылган эмес.
Белгилей кетсек, өлкө башчысы министрди айрым ооруканаларга кабар алып барбагандыгын сынга алып келет.