Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Саламаттык сактоо министрлигине жаңы жетекчи болуп дайындалган Каныбек Досмамбетовдун тандалышы туурасында пикирин бөлүштү.
Анын айтымында, Досмамбетов буга чейин УКМКнын коррупцияга каршы кызматында жана Жалал-Абад облусундагы башкармалыктын жетекчиси катары иштеп, өзүн реформатор жана эффективдүү менеджер катары көрсөтө алган.
Орунбеков белгилегендей, саламаттык сактоо тармагында жылдар бою топтолгон коррупция, кландык бөлүнүү жана ички интригалар бар болгондуктан, бул системаны тармактын ичиндеги адам өзгөртө албай турганын убакыт далилдеди.
Анын билдирүүсүнө караганда, министрдин орун басарлары медицина тармагын мыкты билген адистер болот, ал эми Досмамбетовдун негизги милдети — коррупцияны жоюу жана реформаларды тездетүү.
Орунбеков эл жакын арада жаңылануунун жыйынтыгын сезе баштайт деп ишендирди.