Кыргыз улуттук "Манас" театрындагы кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Министрлик иликтөө кечээ, 9-декабрда социалдык тармактарга тараган маалыматтарга байланыштуу экенин тактады. Анда “Манас” театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу айтылган.
Мындан улам комиссия аталган жагдайды жеринде тактап, объективдүү баа берүү үчүн түзүлгөн. Министрлик иликтөө толук бүткөн соң, коомчулукка маалымат берилерин кошумчалады.