Кыргызстандын Италиядагы элчиси, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондундагы Кыргыз өлкөсүнүн туруктуу өкүлү Таалай Базарбаев кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы 12-декабрда билдирди.
Расмий маалыматка ылайык, Базарбаев дипломатиялык кызматынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматтан кетти. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, ал аталган кызматка 2021-жылы май айында дайындалган.