Биз социалдык тармакта

Дубайда кыргыз мушкерлери өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдиришти (видео)

Дубайда өткөн бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль алган Омар Ливаза менен коло байгеге ээ болгон Ихтияр Нышанов кыргыз элине жана өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдиришти. Бул тууралуу видеону Бокс федерациясы жарыялады.

Анда спортчулар кыргыз элине, президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге командага көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдиришкен.

Эскертке кетсек, буга чейин кыргыз спортчуларынын виза маселесинен улам аталган мелдеш бир күнгө жылдырылган эле. Ал арада федерация президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсү менен маселе чечилгенин билдирген болчу.

Бокс боюнча Дүйнө чемпиондугу 2-декабрда Бириккен Араб Эмираттарында башталып, 13-декабрга чейин Дубай шаарында өттү.


Дүйнө чемпиондугунда байге алган кыргыз мушкерлери өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдиришти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан