Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык боксчу Омар Ливаза Дүйнө биринчилигинде күмүш медаль алды

Кыргызстандык боксчу Омар Ливаза Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль алды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерация билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеште спортчу 63,5 килограммга чейин салмак категориясында күч сынашып, финалда орусиялык боксчу Илья Поповдон жеңилип калды.

Белгилей кетсек, Ливаза IBА биринчилигинин финалына чыккан биринчи кыргызстандык боксчу болду.

Эскертке кетсек, буга чейин кыргыз спортчуларынын виза маселесинен улам аталган мелдеш бир күнгө жылдырылган эле. Ал арада федерация президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсү менен маселе чечилгенин билдирген болчу.

Кыргызстандык боксчу Омар Ливаза Дүйнө биринчилигинде күмүш медаль алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан