Биз социалдык тармакта

Казакстандык алып баруучу Бек Шымат кыргыз мушкерлерин ырга салды (видео)

Казакстандык алып баруучу, комментатор жана спорт жаңылыктарын ыр менен жеткирген Бек Шымат казак, кыргыз жана өзбек мушкерлерине арнап ыр аткарды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

Анда Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстандын Бириккен Араб Эмираттарында өткөн бокс боюнча Дүйнө чемпиондугундагы жеңиштери даңкталган.

"Кыргыздардан Омар Ливаза, бир боорум, күмүш менен далилдедиң баарын. Эми эч качан жеңилбе, көргүм келет мен дагы бокстагы кыргыздардын доорун", - деген ал.

Бокс боюнча Дүйнө чемпиондугу 2-декабрда Бириккен Араб Эмираттарында башталып, 13-декабрга чейин Дубай шаарында өттү. Мелдеште кыргызстандык мушкер Омар Ливаза күмүш медаль алса, Ихтияр Нышанов коло байгеге ээ болду.



Казакстандык алып баруучу Бек Шымат кыргыз мушкерлерин ырга салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан