Ош-Бишкек жолунда унаага чоң таш кулап түштү. Аталган кырсыктын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Андагы маалыматка караганда, окуя бүгүн, 15-декабрда Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын ортосунда болгон. Видеодон тоодон таш кулап түшүп, унаанын алдыңкы бөлүгүнө урунганын көрүүгө болот.
Учурда аталган окуя тууралуу тиешелүү мекеме маалымат бере элек.