Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары болуп Айбек Маткеримов дайындалды.
Маткеримов Жогорку Кеңештин Vll чакырылышына "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон. Ал 1980-жылы 11-ноябрда Жалал-Абад шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 2005-жылы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын жана 2023-жылы Токтомаматов атындагы Эл аралык университетин аяктаган. 2024-жылы Орусиянын президентине караштуу Орусия эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясынын жетекчилер үчүн мамлекеттик башкаруунун чебери адистигин бүтүргөн. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук коомдук саламатттыкты сактоо институтунун медицина-социалдык изилдөөлөр секторунун аспиранты.
Эмгек жолу:
Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери. Саламаттык сактоонун "Ардактуу кызматкери", "Билим берүүнүн мыктысы", "Финансы-экономикалык иштин отличниги", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги" төш белгилери менен сыйланган. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.
Белгилей кетсек, жакында саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев кызматтан алынып, анын ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Каныбек Досмамбетов дайындалган. Досмамбетов буга чейин УКМКнын Жалал-Абаддагы башкы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.