Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетовду тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Анда Байсалов министрликтин кызматкерлерине кайрылып, Досмамбетовдун башкаруучулук сапаттарын белгилеп, анын дайындалышын саламаттыкты сактоо системин түп тамырынан бери жаңылоого өбөлгө болорун билдирди.
Айта кетсек, кечээ, 1-декабрда Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулуп, анын ордуна Каныбек Досмамбетов министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Досмамбетов буга чейин УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалаган.
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков ал бул кызматка саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияны жоюу жана реформаларды тездетүү үчүн алып келингенин билдирди.