Жогорку сот №8 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Жылдызкан Жолдошованын арызын канаттандырган жок. Маалыматты бүгүн, 16-декабрда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан тастыктады.
Эске салсак, 11-декабрда Бишкек шаарынын административдик соту Жолдошованын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы жазган арызын канааттандырган эмес.
Жолдошова кезексиз парламенттик шайлоодо №8 шайлоо округунан гендерлик квота боюнча алдыга чыккан. Шайлоодон кийин №8 округдагы №5249 жана №5514 тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылганы белгилүү болгон.
БШК Жолдошованын ордуна Нуржамал Төрөбекованы депутат катары таануу боюнча токтомду жактырган.