ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 21-январдагы жыйынында депутат Курмантай Абдиев аткаминерлердин кыргыз тилине жасаган мамилесин сынга алды. Депутат өлкөнүн мурунку президенти Аскар Акаев катышкан бир окуяны эске салды.
“Бир жолу Бишкекке Монголиядан делегация келди. Аларды мамлекет башчы кыргыз тилинде эмес, орус тилинде сүйлөп тосуп алды. Ал эми монгол тарап өз тилинде сүйлөдү. Ошондо өлбөгөн төрт шыйрагыбыз калган. Кечээ жакында ушуга окшогон көрүнүштү вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кайталады. Айтор, жыйындарда башка улуттун бир өкүлү отурса, ал үчүн мамлекеттик тилде сүйлөөдөн баш тартып жатабыз”,- деди депутат.
Абдиев өкмөт даярдаган мыйзамдар 100 пайызга ката экенин да белгиледи. “Жакында орусчадан бир органдын аталышын которуптур. Мааниси мындай экен: Мамлекеттик өрткө каршы күрөшүү кызматы. Бул эмне дегени? Мамлекеттик, мамлекеттик эмес да өрт болобу?”- деп нааразычылык айтты.
Мыйзамдар алгач кыргыз тилинде жазылып, анан расмий тилге которуу керектигин башка депутаттар да колдошту.