Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңеште жаңы эл өкүлү Болот Ибрагимов жумушун эмнеден баштайт? (видео)

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты Болот Ибрагимов пландары менен бөлүштү.

Ал маек берип жатып акыркы учурларда өлкөдө жол кырсыктары көп болуп жатканын белгилеп, бул маселени чече ала тургандыгын ишенимдүү айтты.

"Жол кырсыгынан көп адам каза болду, жабыркагандар да көп. Эң биринчиден ошол маселеге көңүл бурабыз",- деди Ибрагимов.

Ошондой эле депутат бийликке сын-пикирлерди да өз учурунда айтып тура тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 17-декабрда жаңы шайланып келген депутаттар ант берип, VIII чакырылыштын алгачкы жыйыны өтүүдө.

Жогорку Кеңешке келген жаңы эл өкүлү Болот Ибрагимов жумушун эмнеден баштайт?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан