Парламент залында бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары ант беришти. Жыйынга президент Садыр Жапаров катышууда.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров жаңы шайланган эл өкүлдөрүнө депутаттык күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырды.
Жыйында 87 депутат ант берип, ишке киришти.
Белгилей кетсек, парламенттеги 90 орундун үчөөсүнүн бош калышына №13 округда шайлоо жыйынтыгынын жокко чыгарылганы себеп болду. Аталган округда кайра шайлоо болмокчу.
Өлкөдө кезексиз парламенттик шайлоо 30-ноябрда өткөн.